ВИДЕО-Бишкекте Атамбаевге каршы жана аны колдогон митинг өтүүдө

Бишкек, 01.06.2020 Sokol .media

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон жана каршы ондогон адамдар митингге чыгышты.

Ал жерде чогулгандар «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!» деп кыйкырып турушат.

Соттун алдына Атамбаевди колдогондор да келишти. Алар «Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар акталсын» деген талап коюшту. Парламент депутаты Ирина Карамушкина «Атамбаевге каршы митингдин артында бийлик турат» деген пикирин билдирди.

Соттун имаратынын алдына милициянын кошумча күчтөрү келди.

Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында оор кылмыштар үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.