ТИЗМЕ-Карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү

Бишкек, 29.05.2020 Sokol .media

Карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү
5-этап

2020-жылдын 1-июнунан тартып:
📌 Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
📌 Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
📌 Аудит жана консалтингдик компаниялар;
📌 Жарнама агенттиктери;
📌 Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.

2020-жылдын 5-июнунан тартып:
📌 Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

2020-жылдын 8-июнунан тартып:
📌 Ички рейстер (Бишкек-Ош каттамы, күнүнө бир жолу).

❗️ МААНИЛҮҮ: Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга карата уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындан тышкары, төмөнкү багыттар боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда, алар:
⭕️ маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
⭕️ көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
⭕️ интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
⭕️ кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
⭕️ соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;
⭕️ балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан;
⭕️ билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана);
⭕️ автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *