МАМБЕТ МАМАКЕЕВ ГИННЕСТИН РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ КИРДИ

 Бишкек, 29.05.2020 Sokol .media

Кыргыздын мыкты даарыгери, медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине киргендиги жарыяланды.  Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

«Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык (Кыргызстан). Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленген. 

Учурда улуу даарыгер Мамбет Мамакеев 92 жашка чыкканына карабастан ушул күнгө чейин операция жасап келет. Ал 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Эмгек жолунда  15 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген. Бир нече илимий иштердин, дарылоо ыкмаларынын автору.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.