ВИДЕО-Тажикстандын түштүгүн чегиртке каптоодо

Бишкек, 28.05.2020 Sokol .media

Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу көптөгөн аймактарда эгин талааларын чегиртке каптоодо.

Зыянкечтен өзгөчө Вахш району жабыркап жатат.

Дыйкан Саиджафар Аюбов тогуз гектер жерине ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузган. Учурда алардын жалбырактарын чегиртке жеп таштады.

Башка бир фермер Саидумар Аюбов төрт күндөн бери аталган зыянкеч менен күрөшүп жатканын, бирок жыйынтык болбогонун билдирди.

«Коронавирус аз келгенсип дагы бир мүшкүл түштү. Чегирткеге каршы инсектицид 120 сомони турат. Эми аны кантип жоготорумду билбей турам. Үшүктөн кийин биз баарын кайра отургузганбыз, бирок чегиртке пайда болуп, жалбырактарды жеп кетти. Бийлик көңүл буруп, жардам бериши керек деп ойлойм», – деди ал.

Вахш районунда бийлик чегирткени жок кылуу чаралары көрүлүп жатканын билдирүүдө. Дыйкандар “зыянкечтерге каршы согуш” бул ыргак менен уланса, түшүм болбой турганын айтышууда.

Ушул тапта чегиртке Хатлон облусунун 100 миң гектердан ашуун жайытын дагы талкалады. Буга чейин Тажикстан БУУ агенттиктеринин жардамы менен талааларды зыянкечтерден арылтып келген, соңку жылдары алдын ала коргонуу иш-чаралары начарлап кетти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *