«Азыр аймакта жергиликтүү ун сатылбай калды. Чет өлкөдөн келген ундун бир килограммы 12 манат турат. Алыскы айылдардын тургундары акыркы жолу унду мамлекеттик баада март айында алганын билдиришүүдө», — деди радионун аймактагы кабарчысы.
Түркмөнстанда арзан ун ар бир тургунга айына беш гана килограммдан сатылат. Анын бир килограммы 1 манат турат (расмий курска ылайык, 1 доллар 3,5 манатка барабар).
«Айылдын тургундары мамлекеттик дүкөндөрдөн ун сатып алуу үчүн таң атпай Байрамали шаарына келип, 3-4 саат кезек күтүүгө аргасыз болууда. Ар бир дүкөндүн алдында 50-60тан адам кезекте турганын көрүүгө болот», — деди кабарчы.
Түркмөнстандагы коммерциялык дүкөндөрдө нан, ун жана өсүмдүк майы мамлекеттик дүкөндөргө караганда кыйла кымбат сатылат.