Нарында саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды

Бишкек, 28.05.2020 Sokol .media

Нарын облусунда саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды

Республикалык ыкчам штабдын сунуштамасынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынды.

Мындан тышкары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору А.Койчуманов иштен кетирилди.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б.Тологонов убактылуу дайындалды.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапары менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарылды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *