Милиция илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин улантууда

Бишкек, 28.05.2020 Sokol .media

Майлуу-Суу жана Кара-Көл ШИИБдери тарабынан коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери үй карантинге алынган жарандарды тиешелүү талаптарды бузбай, себепсиз эч жакка барбоого чакырышты. Азыркы учурда өлкөбүздө жугуштуу илдеттин толкуну басаңдай электиги айтылып, беткаптарды тагуу менен бирге өз саламаттыгына кам көрүүгө үндөштү. Мындан сырткары шаар тургундарына жөнү жок көчөгө чыкпоо керектиги эскертилип, санитардык жана жеке гигиеналык талаптарды толук кармануу зарылдыгы белгиленди.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *