Коронавирустун экинчи толкуну боюнча министрлик кайрылуу жасады

Бишкек, 28.05.2020 Sokol .media

 Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн- брифинг учурунда коронавирустун экинчи толкуну боюнча оюн айтып, элге кайрылуу жасады.

.»Күзүндө жана кышында бизде сасык тумоо сезону башталат. Бул жылы сасык тумоого каршы эмдөөнү өз убагында жасоого аракет кылып жатабыз. Мен элди эмдөөнү колдоого чакырып кетет элем. Анткени сасык тумоо өтүшүп кетсе, коронавирус сыяктуу өпкөнү жабыркатат. Бул ден соолукка зыян», — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал элди жайында ден соолукту чыңдап, айрыкча балдарды күнгө күйгүзүп, таза абага көбүрөөк алып чыгууга чакырды.

«Ден соолугуӊарга көӊүл буруп, оорулар өтүшүп кетпеш үчүн иммунитетти жайында чыӊдагыла. Өзгөчө өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарга диспансердик иштерди жүргүзүү керек. Бардык ооруларды кийинкиге калтырбай, убагында дарылаӊыздар«, — деди Үсөнбаев.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *