Каракол шаарында жол коопсуздугунун кызматкерлери мыкты кызмат өтөшүүдө

Бишкек, 28.05.2020 Sokol .media

25-майдан баштап Каракол шаарында коомдук транспортор өз ишин жандантты. Ушундан улам, КР ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери өздөрүнө тагылган милдеттерин таӊкы саат алтыдан баштап аткарышууда. Алар, Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы менен бирдикте, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык талаптарын
кыйшаюсуз аткаруу боюнча коомдук транспорттордун айдоочуларына күнүнө түшүндүрүү иштерин өткөрүшөт.


КР ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖККБнын техникалык көзөмөлдөө тобунун улук тескөөчүсү Мунарбек Асаналиевдин айтымында, күнүнө коомдук транспорттор каттамга чыгар алдында дезинфекциядан өткөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Коомдук транспортко киридөө ар бир жүргүнчү беткапчан болушу зарыл. Автоунаанын отургучтун санынан 60 пайыздан ашырылбай салынууга тийиш.


Аталган талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү тарабынан тийиштүү рейдтер өткөрүлүп турмакчы. Эгерде, талаптардын аткарылбагандыгы аныкталса, анда мамлекеттик тийиштүү органдары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенишкен мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат.
Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы билдиргендей, бүгүнкү күндө шаарда 50-55 коомдук кичиавтобустар 13 каттамда иш алып барышууда.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *