ВИДЕО-АКШ да кара адамдын өлүмүнө байланыштуу баш аламандык башталды

Бишкек, 27.05.2020. Sokol.mediа

Американын Миннеаполист шаарында кара адамдын өлүмүнөн кийин баш аламандык башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда,  көтөрүлгөн эл полиция кызматкерлеринин унааларынын айнектерин талкалашып, чыр чыгарышкан. Аларды  токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонулган.

Эске салсак, 25-май күнү азык-түлүк саткан дүкөндүң жанынан кара түстөгү адамды жасалма чек менен кармашкан. Полиция кызматкерлери аны унаадан сүйрөп чыгып, асфальтка жаткырып,  тизеси менен катуу кысып койгондо ал дем жетпей атканын айткан.Аны ооруканага алып барышканда ал ошол жактан каза болуп калган.Жаранды кармаган видео соц.тармактарга тарап, кызуу талкууга алынып, анын ким экендги да аныкталган. Каза болгон адам 46 жаштагы Джордж Флойд болгон. Достору аны жакшы адам болгон дешүүдө.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *