Сокулукта жаш жигит сууга чөгүп каза болду

Бишкек, 27.05.2020. Sokol.mediа

Кечээ, 26-майда саат 17:00дө Сокулук районунун Фрунзе айылындагы “Восточное” көлүнө 20 жаштагы жигит чөгүп кеткендиги тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда , каргашалуу  окуя болгон жерге 9 куткаруучу келип, сууга чөгүп кеткен жигиттин сөөгүн алып чыгып, милицияга кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

ӨКМ жарандарды сууга түшүү маалында коопсуздук чараларын сактоого жана жашы жете элек балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *