Каникулда окуучулар айылдарга бара алабы? Министрликтен жооп

Бишкек, 27.05.2020. Sokol.mediа

«Көп ата-энелер балдарын жайкы каникулда айылга туугандарынын үйүнө жиберүүнү каалашат, аймактан-аймакка кирүүдө тоскоолдуктар жаралбайбы?»,- деген суроого ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жооп берди:

“Эгерде бара турган аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, карантиндик талап коюлбаса, оорунун очоктору жок болсо, анда ошол аймактарда жашаган туугандардын үйүнө балдарын жиберүүгө болот. Мындай учурда посттордон эч кандай тоскоолдук жаралбайт”, — деп билдирди.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *