Аксыда профилактикалык иштер уланууда

Бишкек, 27.05.2020. Sokol.mediа
Аксыда профилактикалык иштер уланууда
Аксы РИИБи тарабынан жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатындагы жумуштар улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге эскертүү тактайчаларын орнотушуп, суу бойлорунда жүргөн өспүрүмдөргө эскертүү беришти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл аралашып, ата-энелер менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого чакырышты. Алардын көлмөлөргө, чоң сууларга түшүүсүнө жол бербей, балдарынын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алууга үндөштү.
Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн чогулуп алып жаратылышка эс алууга чыгуусуна болбой тургандыгы жеткирилди. Район аймагындагы эс
алуучу жайлар азыркы учурда милиция тарабынан катуу көзөмөлгө алынууда.