Жалал-Абадда сүйгөнүнө жетпеген жигит өзүн өрттөгөн

Бишкек, 26.05.2020 Sokol.media
Жалал-Абад облусунда 23 жаштагы жигит өзүнө бензин куюп өрттөп жиберген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгиленгендей, кечээ, 25-майда, болжол менен саат 01:30 чамасында Базар-Коргон районунун 1996-жылы туулган тургуну өзүнө бензин чачып, өрттөп жиберген. Окуя болгон жерде турган үйдүн ээси, 1970-жылы туулган И. С. да күйүп калган. Учурда алар ооруканада жатышат. Жаш жигит дүлөй жана дудук экени белгилүү болду. Маалыматтар боюнча, өзүнө от койгон жигиттин денесинин 98%ы, ал эми жанында турган адамдын денесинин 35%ы күйүп калган.

Милиция бул фактыны «өз өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча каттаган.

Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча, жигит Сузак районуна сүйлөшкөн кызынын колун сураш үчүн үйүнө барган. Бирок ата-энеси анын али жаш экендигин айтып, андан баш тарткан. Андан кийин жигит өзүнө бензин куюп өрттөгөн.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *