ВИДЕО-Жалал-Абадда кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Өткүр” аталган положенец кармалды

Бишкек, 26.05.2020. Sokol.mediа

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Өткүр” аталган положенец кармалды

2020-жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун 1989-ж.т. тургуну арыз менен кайрылып, ал өз арызында 2020-жылдын январь айынан баштап “Ислам” жана “Өткүр” аттуу балдар мага телефон аркылуу байланышып, — “мен “Өткүр” Базар-Коргон боюнча положенецмин” деп өзүн тааныштырып, — “сен бүгүн саат 15:00 чейин 15 000 сом акча таап келесиң, саат 15:00дөн өткөн болсо эки эселеп көбөйтүп бересиң” — деп опузалап коркуткандыктан, мен саат 18:00дөр чамасында айтылган 15 000 сом акчаны алып барып бердим, ал эми Өткүр мага эртең кошумча дагы 50 000 сом акча алып келесиң деп айткан, мен ага анча акчаны каяктан табамын деп айтсам, “болбосо балдар сени жок кылат” — деп коркутту.

Ошону менен үйүмдөгү буюмдарымды сатып отуруп, бардыгы болуп 270 000 сом акча бердим, бирок ошого карабастан 2020-жылдын 20-март күнү дагы 25 000 сом бересиң деп опузулап акча талап кылып жатат, ушул атуулдарга карата мыйзам чегинде чара көрүп бергиле деп кайрылган.
Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 203-бер. 2-бөл. (Опузалапталап кылуу) менен жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Тергөө тапшырмасынын негизинде, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, “Өткүр” аталган шектүү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон
районунун тургуну, мурда 234-б. (Хулиганчылык), 165-б. (Мал уурулук) жана 170-беренелер (Опузалар талап кылуу) менен бир нече жолу соттолгон 1994-ж.т. Ж. у М. экендиги, ал уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, азыркы күндө уюшулган кылмыштуу тобунун идеялогиясын колдоп, Базар-Коргон районуна “положенец” болуп шайлангандыгы такталган. Ал эми “Ислам” аттуу
бала, Базар-Коргон районунун тургуну З.И. экендиги аныкталган.
Аталган кылмыш иши боюнча кылмышка шектүү Ж. у М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, тоскоолдук жаратып качып жүргөн.
2020-жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында крим-чөйрөдөгү авторитеттердин “сходкасы” (жыйыны) болот экен жана тергөөдөн качып жүргөн Ж. у М. да ошол жакка барып
калышы мүмкүн делген маалыматтар түшкөн.
Бул алынган маалымат боюнча, 22-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн, Ноокен
РИИБнин КМКнын жана Жалал-Абад областы боюнча Улуттук Коопсуздук Мамлекеттин Комитетинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында, Кочкор-Ата шаарындагы Ош-Бишкекавтожолунун боюнда жайгашкан ашканалардын биринде аталган жыйын учурундаЖ. у М. жана З.И. кармалган. Алар менен кошо ошол жыйынга келген ыкчам кызыкчылык жараткан 9 (тогуз) атуул Жалал-Абад ОИИБна алынып келинип, өздүктөрү такталып, алардын кол манжа издери алынып, түшүндүрүү жана алдын
алуу иштери жүргүзүлүп кайра коё берилген.

Алар мурда соттолуп, учурда КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катарында каттоодо турган, Жалал-Абад областынын тургундары: — 1984-ж.т. О.Э, 1964-ж.т. А.Р., 1995-ж.т. Х. С., жана алар менен кошо жүргөн 1987-ж.т. С.Д., 1981-ж.т. Ж.Э., 1993-ж.т. М. Э., 1977-ж.т. М. К., 1995-ж.т. С. Д., 1996-ж.т. О.К.
Ал эми 2020-жылдын 22-май күнү КРнын ЖПКнын 98-бер. негизинде шектүүлөр Ж. у М. жана З. И. Жалал-Абад ШИИБдин УКЖна киргизилген.
Бирок, 2020-жылдын 24-май күнү Кыргыз Республикасынын ЖКнин 203-бер. 2-бөл. (Опузалап талап кылуу) беренеси менен тергелип жаткан жазык иши боюнча аталган шектүүлөр Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан үй камагына чыгарылып жиберилген.
Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылып жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *