Садыр Жапаровдун эжеси кармалды

Бишкек, 26.05.2020. Sokol.mediа

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет, Джапарова Райкуль Нуркожоевна Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Джапаровага эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Джапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Р. Джапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *