Алматыда коронавирус менен оорубаган адамдардын да сөөгү коюла берген

Бишкек, 26.05.2020. Sokol.mediа

Алматы бийлиги COVID-19 вирусун жуктургандан кийин көз жумгандардын сөөгү коюлган атайын көрүстөндөгү 32 кишинин 22си инфекциядан эмес, башка оорулары өтүшүп кеткендиктен өлгөнүн билдирди.

Коронавирус жуккандан кийин көз жумган кишилердин сөөгү коюлган көрүстөндө мүрзөлөрдүн саны расмий түрдө вирустан өлдү делгендердин санынан үч эсеге көп экенин биринчи жолу республикалык «31-канал» баамдаган.

25-майда Алматыдан 50 чакырым аралыкта жайгашкан бул көрүстөнгө көмүлгөндөрдүн саны 32ге жеткен.

«Бүгүнкү күндө шаарда коронавирус инфекциясынан 10 киши өлдү, калган 22 кишиде коронавирус инфекциясы кошумча диагноз катары аныкталган», — деген Алматы акиминин орун басары Ерлан Кожагапанов.

Атайын көрүстөнгө коюлган 22 кишинин өлүмүнүн негизги себеби коронавирус инфекциясы болбогонун буга чейин Товар жана кызмат көрсөтүү коопсуздугун жана сапатын көзөмөлдөө комитетинин башчысы Тимур Султангазиев да билдирген. Ал комитет COVID-19дан өлгөндөрдү өзүнчө көрүстөнгө коюу боюнча тапшырма болбогонун, бул маселени ар бир шаар жана аймак өз алдынча чечип жатканын белгилеген.

Казакстанда расмий маалымат боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандан кийин өлгөндөрдүн саны 35 кишиге жетти.

20-майда Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова вирустан өлгөндөрдүн статистикасы тууралуу комментарий берип жатып, бейтаптын өлүмүнө коронавирус инфекциясы же анын кошумча оорулары себеп болгонун эксперттерден турган атайын комиссия аныктап жатканын билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.