1-июлдан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт

Бишкек, 26.05.2020. Sokol.mediа

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт. Бул тууралуу Спутник маалымат агенттигине, Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирген.

Анын айтымында, 27-мартта өкмөт 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.

“Биз ал датаны июнь айынын башына жылдырууга укугубуз жок. Ал токтом 1-июлдан баштап иштейт. Эсеп-фактурасы бир айга чыгат. Эгер айды экиге бөлсөк, энергетика тармагында көйгөйлөр пайда болот. Ошондуктан жаңы тариф 1-июлдан тарта киргизилет”, — деди Айдарова.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);

Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөөрү каралган);

Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес). Башка тарифтер мурдагы бойдон калат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

комментария 2

  1. Айтмамат:

    Жөнөкөй каалк үчүн кандай тариф болот. Толуктап койсонор.
    Негизи ишканалар үчүн тариыти көбөйтсөк болот.

    • Айбек:

      Ондуручу ишканалар мамлекетке салык толойт, элди иш менен камсыз кылат, эмне учун аларга бааны котором болот? Тескерисинче мамлекеттин жардамы жок, аларга электр энергичные баасын азайтыш керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *