Жети-Өгүздө көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кеткен

Бишкек, 25.05.2020. Sokol.mediа

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Светлая Поляна айыл аймагына караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылында болгон.

Аталган айылдагы тоо этегинен өткөн суу каналынан суу тынымсыз ага бергендиктен, жээктеги жер кыртышына сиңип отуруп, көлөмү 480 м3 болгон көчкү жүрүп, Мамбетакунов көчөсүндө жайгашкан сарайдын дубалын бузуп кеткен.

Кыргсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Жеринде ӨКМдин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *