Трамп бир жылдык эмгек акысын коронавирус менен күрөшүүгө берет

Бишкек, 25.05.2020. Sokol.mediа
АКШнын президенти Дональд Трамп бир жылдык эмгек акысын коронавирус менен күрөшүү үчүн которо тургандыгын твиттердеги баракчасы аркылуу жарыялады.
Жарыясында ал 400 000 – 450 000 долларга чейинки ири суммадага каражатты өкмөткө кайтарып бере турганын айткан.
Акыркы маалыматтарга караганда, учурда АКШда 1,6 млн адам коронавирус менен катталып, анын ичинен 98 миң адам каза болгон. Бул көрсөткүчтөр менен Америка дүйнөдө 1-орунда турат.