Бүгүн коомдук транспорт ишке киришти. Транспортто жүрүү үчүн кандай эрежелерди сактоо керек?

Бишкек, 25.05.2020. Sokol.mediа

Бүгүн, 25-майда Кыргызстанда кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы зарыл), театр, музей, галерея менен китепкана толугу менен иштей баштады.

Андан тышкары шаар ичинде каттаган автобустар, троллейбустар жана кичи автобустардын да ишине уруксат берилди. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 25-майда 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгарын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб иши жандандырылган тармактар санитардык талаптарды так аткарышы керектигин, эреже бузулса айыппул салынарын эскертти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элди коомдук транспортто өз коопсуздугу үчүн беткап тагынып, автоунаанын ичинде аралыкты сактоого чакырды:

«Коомдук транспортто адамдардын бири-бири менен байланышы жогору болот. Автоунаага кишини толтуруп салбаш керек. Каттамга чыгар алдында машинени дезинфекция кылып, унаанын бардык металл жана пластиктерин тазалоо зарыл. Каттамдан кайтып келгенден кийин да автоунааны жууп-тазалап туруш керек. Ошол эле кезде жарандар да машине толуп калгыча түшүп алып кооптуу жагдайга кириптер болбосо жакшы болмок».

Штаб транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелүүсү керектигин да кошумчалады.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун биринчи учуру катталып, алгач өзгөчө кырдаал, кийин өзгөчө абал режими киргизилгендиктен дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Ушул тапта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө турат.

Өкмөт өзгөчө абал режиминен кийин ишкердикти жандандыруунун жолдорун иштеп чыккан. Ага ыйлык үчүнчү баскыч менен эл көп чогула турган базар, коомдук транспорттун ишине уруксат берилди.

Булак: Азаттык

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.