Балдар онкологиясы бөлүмү карантинге алынды

Бишкек, 20.05.2020 Sokol.media

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге алынды. Бул тууралуу 20-майда «Азаттык» радиосуна борбордун директору Эрнис Тилеков билдирди.

Анын айтымында, небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткен, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылган. Ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынды:

“Бөлүмдүн кызматкерлеринен, ошол жерде дарыланып жаткандардан, ата-энелерден анализ алынды. Жыйынтыгын эртең алабыз деп жатабыз. Бөлүмдү карантинге алдык, эч ким кирбейт, чыкпайт. Дарылоо иштери уланып жатат”.

Тилеков жаңы бейтаптар башка бөлүмгө кабыл алынып, чоңдор дарылануучу бөлүмдөрдүн иши кадимки тартипте уланып жатканын, бирок аларда да санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айтты.

Ал эми балдар бөлүмүндөгүлөрдү обсервацияга алуу же албоо маселеси анализдин жыйынтыгына жараша болорун кошумчалады:

«Таза чыккандар обсервацияга алынат, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылунуусун ошол эле жерде улантат».

Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыгып кетти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *