Бүгүн 27 адамдан вирус чыкты. Анын тогузу медкызматкерлер

Бишкек, 20.05.2020. Sokol.mediа

2020-жылдын 20-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 27 учур катталды:
⚡️ Бишкек ш. – 4
⚡️ Чуй облусу — 1
⚡️ Ош облусу — 2
⚡️ Нарын облусу — 19
⚡️ Ысык-Көл облусу — 1

Жалпы ооругандардын  саны 1270 адамга жетти.

Алардын ичинен: 
📌 Стационарда – 346, алардын ичинен реанимацияда – 5
📌 Ооруканадан чыгарылды – 910
📌 Каза тапты – 14

Ошондой эле, бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 266 учур катталды, алардын ичинен 221 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1 946

➡️ COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 280 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
➡️ Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 175 адам жатат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *