№27 колониянын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бишкек, 20.05.2020. Sokol.mediа

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген үч кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал жаңы катталган үчөө буга чейин вирус табылган төрт кызматкер боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында табылганын айтты:

«Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги контактта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат».

Буга чейин ушул колонияда жана Бишкектеги №1 тергөө абагында жалпысынан төрт адамдан вирус аныкталган.

Укук коргоо уюмдары бийликке кайрылып, абактардагы абалга көңүл бурууга чакырган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде соттолгондордун арасынан «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов №27 колонияга 23-апрелде которулган.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *