ВИДЕО-Бишкекте милициянын унаасы кырсыктады

Бишкек, 20.05.2020. Sokol.mediаБи

Бишкекте Кайгуул милициянын кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылганын «Бишкек сегодня» Telegram каналына күбө кабарлады.
Күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя 20-майга караган түнү саат 00.30дар чамасында болгонун билдирди.

«Daewoo Nexia автоинспектордун машинасы менен кагышкан. Милиционерлер сиренасын күйгүзүп жол чырактын жашыл жарыгынан өтүп жаткан, ал эми Nexia кызыл күйгөнүнө карабай келип сүздү», — деди күбө.

Кадрдан милициянын автоунаасынын сол тарабы мыйрырып, үстүндөгү сирена жандыргычы да чыгып кеткенин көрүүгө болот. Анын ары жагында экинчи жеңил унаа турат. Жол кырсыгы болгон жерге бир нече адам чогулган.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы кырсык болгонун тастыктап, толук маалыматты кийинчерээк бере турганын билдирди. Жаракат алгандар жок экени айтылат.

На месте ДТП с участием машины Управления патрульной службы милиции

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *