Бүгүн коронавирус дагы 27 адамдан табылды

Бишкек, 19.05.2020. Sokol.mediа
2020-жылдын 19-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 27 учур катталды:
⚡️ Бишкек ш. – 6 + 1 Санкт-Петербург ш. келгендерден
⚡️ Чуй облусу — 3 Соль-Илецк ш. келгендерден
⚡️ Нарын облусу — 11
⚡️ Ош облусу — 6
Республика боюнча ооругандардын жалпы саны 1243 адамга жетти
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 учур катталды. Ал эми стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.