21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта турган мекемелердин тизмеси

Бишкек, 19.05.2020. Sokol.mediа

21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта турган мекемелердин тизмеси

📌 Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;

📌 Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;

📌Соода-сатык чөйрөсү:

◽️Соода борборлору, соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо;*

◽️Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);

◽️автоунаа базарлары;

◽️мал базарлары.

📌Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;

📌 Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо;*

📌 Мейманканалардын ишмердүүлүгү, бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо.

25-майдан тарта төмөнкүлөр ишмердүүлүгүн жандантат:

◽️Кийим-кече сатуучу базарлар;

◽️50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;*

◽️Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;*

◽️Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.

❗️* Ишмердүүлүгү КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 токтому менен чектелген

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *