Жогорку Кеңештин депутатынын инисинен коронавирус аныкталган

 Бишкек, 18.05.2020. Sokol.mediа

Бул маалыматты “коом press” сайтына Токтогул районунун саламаттыкты сактоо координаторлорунун бири тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди:

Өткөн жумада Россиядан келген айдоочулардын арасында Айбек Тотонов дагы бар болгон. Ал анализдеринин жыйынтыгы чыкканча эле, тартипке баш ийбей Токтогулга келе бериптир.  Анализдеринде вирустун симптомдору бар деген жыйынтык чыккандыктан Токтогулдагы Жаңы-Жол аймагында жүргөн жеринен табылып,  Жалал-Абад шаарындагы изоляцияга алынды”-дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси Айбек Тотонов Россиядан кайтып келген айдоочулардын арасында болгон. Бирок ал тартипке баш ийбей, Токтогулга кетип калган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.