Сокулукта Элмирбек Иманалиевге көчөнүн аты берилди (сүрөт)

 Бишкек, 18.05.2020. Sokol.mediа

Жалпыга маалым болгондой жакында эле 42 жашында акка моюн сунуп, арабыздан кеткен ак таӊдай акын, КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиевге Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо -3 жаӊы конушундагы бир көчөгө аты берилгени маалым болду. Бул тууралуу билгендер, ак таӊдай акындын ысымы жазылган тактайчанын сүрөтүн тартып, интернет айдыӊына жарыялашты. Буга чейин маркум Иманалиевдин сахналаштары, жердештери анын атындагы фонд түзүп, тиешелүү иштерди алып бара тургандыктарын айтышкан. Демек, бүгүнкү бул самаалык ак таӊдай акындын ысымын түбөлүккө калтыруу, даӊазалоо иштеринин башталашы гана деп айтсак туура болот.

Булак: Чагылган

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *