17-майдагы каттам менен негизинен оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган курактагы жана балалуу адамдар келди. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар.
Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө сегиз миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн өкмөттөн жардам күтүүдө. Алардын көпчүлүгү Орусияда.