Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

Бишкек, 18.05.2020. Sokol.mediа
Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
📍 Бишкек ш. – 20
📍 Жалал-Абад облусу – 3
Республика боюнча жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар 4 учур катталды. Ал эми стационарлардан 8 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 255 учур катталды, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.