Чүйдө 30 үйдүн короосун суу каптап кетти

Бишкек, 18.05.2020. Sokol.mediа

Чүй облусунда 17-майдын кечинде нөшөр жаандан кийин үйлөрдүн короосун жана жолдорду суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Бер-Булак айылында арыктардан ашкан суу 30 үйдүн короосун жана жолдорду каптаган.

Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында арыктан ашкан суу жолду каптаган.

Адамдар жабыркаган учур катталган жок. Куткаруучулар тазалоо иштерин түнү менен жүргүзүп, аякташты.

Гидрометеоборбор Кыргызстандын айрым аймактарында 14-17-майда нөшөр жаан жаайт деп шашылыш билдирүү тараткан болчу.

Булак: Азаттык

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.