Бишкекте «Ганбей түнкү клубу карантинге карабай иштеп жатканы аныкталды

 Бишкек, 18.05.2020. Sokol.mediа

Бишкекте «Ганбей түнкү клубу карантинге карабай ишин улантып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мжриясы кабарлады.

Маалыматка таянсак, Октябрь райондук мобилдүү командасы кечээ, 17-майда түнкү рейд уюштурушкан маалда  «Ганбей» түнкү клубунун иши дароо токтотулуп, протокол түзүлгөн. Анда физикалык жактар 3 миң, юридикалык жактар 13 миң сомдон айып пул төлөшү керек.

«Карантинге карабай ишин улантып жаткан «Ганбей» түнкү клубунда кардарлар эс алып жатышкан», – деп жазылат Бишкек мэриясынын маалыматында.

Ушул жылдын 25-мартынан баштап Кыргызстанда коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу бардык тойкана, тамактануучу, көңүл ачуучу жайлардын иши токтотулган. Алардын иши качан жанданат азырынча белгисиз.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *