Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапты

Бишкек, 15.05.2020. Sokol.mediа

Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапты
55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда. Кыргызстанда жалпысынан оорудан 14 адам көз жумду.

Маалыматка таянсак, республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында 55 жаштагы бейтап эркекке эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган.

▪️Экинчи каза болгон бейтап Нарын облусунда 84 жаштагы аял. Ага пневмония, дем алуунун III даражажагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду.
Дарылоо аракеттерине карабастан, бүгүн каза болушту.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *