Окуу жылын 30-майга чейин узартуунун себеби айтылды

Бишкек, 15.05.2020. Sokol.mediа

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги быйылкы окуу жылын 30-майга чейин узартуунун себебин түшүндүрдү. 15-майда онлайн брифингде министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, буга быйыл эс алуу күндөрү адаттагыдан көбүрөөк болгону себеп.

«Жазгы каникулда биз кичине көбүрөөк эс алдык. 1-5-май күндөрү да эс алуу күндөрү болду. Ошондуктан окуу программасын толук өздөштүрүш үчүн, окуучулар тапшырмаларын жөнөтүп, мугалимдер аларды тактап, суроолоруна жооп берип алышы үчүн, убактылуу журналдан кадимки журналга бааларды көчүрүп, коюу, класстан класска көчүрүү боюнча педагогикалык кеңешмелерди өткөрүүгө даярданып алыш үчүн биз 30-майга жылдырдык, окуу жылынын аякташын».

Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында мектептер 16-мартта жабылган бойдон ачыла элек. Министрлик быйылкы окуу жылы аралыктан жыйынтыкталарын билдирген.

Жалпы билим берүүчү мектептердин 2019-2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөргөн.

Быйыл өлкөдө 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253ү артыкчылык аттестатына талапкер. 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *