Маалыматка караганда, 1958-жылкы аял менен 1977-жылкы киши 13-майда каза болгон.
Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 34 адамга жетти.
Коомдук саламаттык сактоо боюнча улуттук борбордун маалыматына ылайык, 15-майга карата Казакстанда 5 689 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 1 173ү Нур-Султан, 1 689у Алматы шаарларында.