Жаңы келген депутаттар спикер менен муштумдарын тийгизишти (ВИДЕО)

Бишкек, 14.05.2020. Sokol.mediа

Бүгүн 14-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутат болуп келген Шаршенбек Абдыкеримов жана Жанибек Жоробаев ант беришти.

Ант берүүдөн соң алар парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков жана вице-спикер Мирлан Бакировго кол алышкандын ордуна муштумдарын тийгизишти. Мындай эреже коронавирус пандемиясынын шартына байланыштуу чыгарылган.

Эскерте кетсек, Абдыкеримов менен Жоробаев “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдин ордуна келишти.

Эске салсак, Шаршенбек Абдыкеримов белгилүү “Аю Холдинг” көп тармактуу компаниянын ээси жана ошондой эле 2013-жылы “Кыргызстан” саясий партиясын негиздеген.

Былтыр “Кыргызстан” партиясынын лидерин шайлоого келгенде аны мас абалында болгон деген сөздөр таркап, кызуу талкууга алынган эле эле.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *