Өкмөт аэропортторду жеке башкарууга өткөрүү тууралуу долбоор даярдоодо

Бишкек, 14.05.2020. Sokol.mediа

Жогорку Кеңештин 13-майдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев аэропортторду башкарууну жеке компанияларга берүү боюнча аткарылып жаткан иштерге кызыкты.

Депутат өлкөдөгү аэропортторду Тблиси же Алматынын мисалында жеке башкарууга өткөрүү зарыл экенин белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазив бүгүнкү күндө бул маселе менен мекемелер аралык комиссия алектенип жатканын билдирди.

«Азыр консультанттар менен бирге аэропортту өнүктүрүү үчүн мыкты компания таап бере турган эл аралык өнөктөш тандап жатабыз. Ал тажрыйбалуу компания болушу керек. Комиссия алты айдан бери иштеп жатат, май айында долбоор даяр болот», — деди өкмөт башчы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *