COVID-19: Нарын шаарындагы төрөтканада жаткандар жугузуп алышкан

Бишкек, 14.05.2020. Sokol.mediа

Бүгүн, 14-майга карата Нарын шаарында коронавирусту жуктуруп алган дагы 15 бейтап катталды. Бул маалыматты  турмуш кж басылмасына аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, жаңы катталган бейтаптардын сегизи төрөт бөлүмүндө жаткандар. Бирөө медициналык кызматкер, алтоо бул илдет менен ооруп жаткандардын туугандары.

Ушуну менен Нарын шаарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны 58ге жетти. Алардын 13ү милиция кызматкери, 13ү медицина кызматкери, бирөө Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкери, 8и төрөт бөлүмүндө жаткандар, 15и аталган кызматкерлер менен байланышта болгондор. Мындан тышкары 8 адам айыгып чыкты.

Ал эми шаар боюнча үй карантинге 323 адам алынды.

Булак: Турмуш кж

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *