Бишкекке Катардан жана Кувейттен 107 жараныбыз кайтып келди

Бишкек, 14.05.2020. Sokol.mediа

Бишкекке Катардан жана Кувейттен Кыргыз Республикасынын 107 жараны кайтарылды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 

Алар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха — Бишкек» каттамы боюнча учуп келишти. Биздин жарандар менен кошо Казакстан Республикасынын 31 жараны дагы учуп келди, аларды казак тарабы аэропорттон тосуп алып, мекенине атайын унаа менен алып кетти.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.

Бул маселе Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында КР ТИМ тарабынан иштелип чыккан.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.