БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КОРОНАВИРУСТУ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРДИ АЛЫП БАРУУДА

Бишкек, 13.05.2020. Sokol.mediа

2020-жылдын 22-марттан тарта Баткен облус аймагына “COVID-19” илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баштаган..

Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен шаарларында жана Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал министрлигинен кызматкерлери менен санитардык-карантиндик посттордо чогуу иш алып барышты. Ал эми жер-жерлерде кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери аймактык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен маршруттук топторго бөлүнүп, көчөдө жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жөө кайгуул күзөттөрү уюштурулган.

 

Ошондой эле айыл арасында милициянын айгырымдуу өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык постторду курушуп, жарандарды сабырдуулукка чакырып көзөмөлдү күчөтүшкөн.

Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасы өздөрү тейлеген аймактарда ар бир көчөсүнө кирип үн чыгаруучу каражат менен жарандарды үйдөн чыкпоону, санитардык эрежелерди туура сактоону эскертип жатышат. Баткен облусу коңшулаш Өзбек, Тажик Республикалары менен чектешкендиктен чек ара аймактарында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери кезектешип иштеп, ал эми калк жыш жайгашкан калктуу конуштарда 3 кезек менен коопсуздук чараларын көрүүдө.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *