ТИМ: Майда 1000 кыргызстандыкты мекенге алып келүү пландалууда

Бишкек, 12.05.2020. Sokol.mediа

КР ТИМ ушул жылдын май айына төмөнкү өлкөлөрдөн 1000 кыргызстандыкты мекенге алып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков брифинг учурунда билдирди. 

Алар төмөнкү өлкөлөрдөн келишет: 

🇶🇦 Катар – 36
🇰🇼 Кувейт – 105
🇮🇷 Иран – 16
🇩🇪 Франкфурт-на-Майне – 58
🇹🇷 Стамбул – 349
🇷🇺 Москва – 402
🇰🇵 Корея – 35
🇯🇵 Япония – 30
🇧🇾 Беларусь – 37

Ошондой эле, ӨК жана ӨА киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиация жана жер аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген. Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан жана авиабилдирүүлөрдүн токтошунан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз», — деп кошумчалады Айдарбеков.

Анын айтымында, акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келди.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *