“Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус аныкталган

Бишкек, 12.05.2020. Sokol.mediа

Бишкек шаарындагы Вефа соода борборунда жайгашкан “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Фрунзе” гипермаркетинин кызматкери Санэпидкөзөмөл борборуна илдеттин белгилери байкалып жатат деп кайрылган. Лабораториядан текшергенде коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат. Ошондой эле аталган гипермаркетинде иштеген бардык кызматкерлер лабораториялык изилдөөдөн өтүштү”, – деп кошумчалды Үсөнбаев.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *