12-майга карата СOVID-19 инфекциясы дагы 21 адамдан чыкты. Алардын жетөө медкызматкер

1Бишкек, 12.05.2020. Sokol.mediа

2020-жылдын 12-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Жаны катталгандар: 
⚡️ Бишкек ш. – 10
⚡️ Чуй облусу — 1
⚡️ Жалал-Абад облусу — 3
⚡️ Нарын облусу — 7

Ошондой эле,  бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

 2020-жылдын 12-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1037 учуру катталды.
📌 Стационарда – 316, алардын ичинен реанимацияда – 4
📌 Ооруканадан чыгарылды – 709
📌 Каза тапты – 12

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *