Жакшы кабар! Коронавирусту өлтүрө турган вакцина табылганы айтылды

Бишкек, 11.05.2020. Sokol.mediа

Италиялык окумуштуулар дүйнө жүзүндө биринчи жолу коронавирусту өлтүрө турган вакцинаны таптык, деп билдиришип, эми аны жакынкы арада адамдарга сынай турганын айтышты. Бул тууралуу Британиянын Daily Mail басылмасы маалымдады, деп Известия билдирди.

Окумуштуулар вакцинаны чычкандарга тестирлешти. Адегенде ийне сайышып, анан антителага анализ алышты. Алдын ала алынган натыйжаларга караганда, бул антителанын коронавирус жуктурууну токтотууга кудурети жетээри көрүндү.

Клиникалык сыноолорго киришүү күзгө пландалууда.

Бул вакцианын иштеп чыгып жаткан компаниянын жетекчиси, масштабдуу сыноолор быйыл күзүндө өтөөрүн жана италиялык изилдөөчүлөр дүйнөдө биринчи жолу вакцина менен коронавирусту өлтүрүүгө жетишишкенин көрсөтө алышты, деп белгиледи.

Ал эми 6-майда Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Госдуманын ден соолукту сактоо комитетинин онлайн-жыйынында, Россиянын коронавируска каршы вакцинасынын клиникага чейинки сыноолору ийгиликке жетишүүгө үмүт берээрин айтты. Сыноо уланууда.

5-майда Утрехт университетинде немец жана голланд окумуштуулары, коронавирус инфекциясын жеңе турган эксперименталдуу моноклоналдуу антителону (47D11) синтездешкенин жазып чыгышкан.

Ошол эле күнү Израилдин биологиялык изилдөөлөр институту да коронавирус вакцинасын ойлоп табууда өтө чоң ийгиликке жетишишкени маалим болгон.

4-майда БДССУ (ВОЗ) коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн ийгилиги керектүү дарыларды тез табууга эмес, аларды дүйнөгө тең таратууга байланышкан деп билдирген.

Булак: Abal.kg

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *