Нур-Султан учак жүргүнчүлөрүнөн COVID-19 тестин талап кылбай турган болду

Бишкек, 11.05.2020. Sokol.mediа

Казакстан учак жүргүнчүлөрүнөн COVID-19 тестинен өткөнү тууралуу аныктама талап кылууну токтотту. Бул тууралуу транспорт тармагы боюнча башкы дарыгер Садвакас Байгабулов билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан 10-майга чейин учкан жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус табылган эмес.

1-майдан баштап Нур-Султан менен Алматы, кийин башка дагы бир нече шаарда ички аба каттамдары ачылып, COVID-19 тестинен өткөн жүргүнчүлөрдүн учуусуна гана уруксат берилген.

Күн мурун «Эйр Астана» авиакомпаниясы ПЦР-тесттен өтүү талабын жокко чыгарууну, тесттин баасы 11,5 миңден 20 миң теңгеге чейин жетип, калк үчүн учууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдирген.

Казакстанда бүгүн, 11-майда коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал режими аяктады.

Соңку маалымат боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандар 5138 адамга жетип, 1941 адам айыкты,31 адам кайтыш болду.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *