Миңден ашуун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлдү. Комиссиянын чечими менен аларга компенсация төлөнүп берилет.
Канча турак жай зыянга учураганы айтылган жок.
Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышынан улам Түркстан облусунда 14 калктуу конуштан 32 миңге чукул киши убактылуу көчүрүлгөн.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев плотинанын жырылышы коңшу өлкөгө зыян алып келгени үчүн өкүнгөнүн билдирген. Казакстан президенти 9-майда “Твиттерге” Мактаарал районда жабырлануучулар жаңы же ремонттологон үй-жай менен камсыз болорун, алардын ар бирине 100 миң теңгеден берилерин айткан.
5-майда Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Сергей Громов чек арадагы гидротехникалык курулуштар тууралуу Өзбекстандан толук маалымат талап кылган нота даярдалганын билдирген. Ал Сардаба суу сактагычы казак тараптын макулдугусуз курулганын да белгилеген. Бир нече саат өткөндөн кийин өлкөнүн тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүлбөй турганын кабарлаган.