«Бизде дагы эле коркунучтуу деген аймактарда карантин киргизилип жатат. 11-майдан тартып Бишкек шаарынын аймагында, Ош шаарында, Ат-Башы районунда, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин болот. Башка аймактарда өзгөчө кырдаал тартибинде иштер жүргүзүлөт»,- деди Боронов.
Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталып, 10-майда бул ооруну жугузгандардын саны миң кишиден ашты. Алардын 675и сакайып, 12си көз жумду.
Бийлик 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, 25-мартта айрым аймактар өзгөчө абал режимине өткөн. Баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып өзгөчө абал режими алынары кабарланган.