Чүйдө Москвага жүк ташыган айдоочудан коронавирус аныкталган

 Бишкек, 11.05.2020. Sokol.mediа

Чүй облусунун Чүй районунда коронавирустун алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.  Маалыматты басылмага райондук мамлекеттик администрациясы тастыктаган. 

Маалыматка караганда, илдетке Искра айылынын тургуну чалдыккан.  Аймактык кабарчыга маалым болгондой, ал жаран жүк ташуучу унаа менен Москвага товар ташып иштеп жүргөн.

Искра айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, 1-майда чек арада аталган кишиден мурдунан анализ алынып, андан кийин ал үй карантинге жөнөтүлгөн.

«Ал ушул Искра айылындагы үйүнө келген. Ошентип 5 күн үйүндө жатты. Ал эми мурдунан алынган анализдин жыйынтыгы коронавирус деп чыгыптыр. Ошону менен Бишкекке ооруканага алып кетишти. Аны менен байланыш болгон 10 кишини ооруканага жаткырышкан болчу. Бирок алардын анализдери таза чыгып, үйүнө келишти.

Бул киши үй карантинге жөнөтүлгөндө көчөгө чыгып, эч кимге жолуккан эмес. Азыр үчүнчү анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Үйдүн ичин, айланасын, көчөлөрдү хлор менен тазаладык. Эгер жакындарынан коронавирус чыкса, биз анда айылды толугу менен курчоого алмакпыз.

Айдоочу абалым жакшы, дене табым көтөрүлгөн жок. Оорунун белгилери билинбейт деп жатат», — деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Эске салсак, буга чейин республикалык штаб Чүй районунда коронавирустун бир учуру катталганын билдирген. Бирок акимчилик ал Москва районунда катталганын, болгону райондордогу аталышы окшош айылдардан улам аталган учур Чүй районунда катталып калганын билдирди.

Булак: turmush.kg

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *