Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун брифингинин жыйынтыктары

Бишкек, 11.05.2020. Sokol.mediа

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун брифингинин жыйынтыктары.

📌 2020-жылдын 11-майынан тарта ӨК шартында карантин киргизилди, экономикалык ишмердүүлүктү кайра ишке киргизүү милдети мэрияга жүктөлдү.
📌 Өкмөт тарабынан 11-майдан баштап уруксат берилген ишкердик түрлөрүнүн Тизмеси (https://t.me/RshKRCOV/3291) бекитилди.
📌 Бишкектин аймагындагы бардык субъекттер санитардык эрежелерди (беткап тагынуу, колдорду дезинфекциялоо, коомдук жайларда 2 метрден кем эмес аралыкты кармоо) так сактоого зарыл.
📌 Шаардын кире бериш жайларында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду. Посттордо калаага кирип жаткан адамдардын температурасы текшерилет, коронавирус жана ОРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс, ПЧР-тест алууга укуктуу.
📌 Шаар ичинде уруксат берилген ишмердүүлүк боюнча жүрүү үчүн жарандар жанында өздүгүн тастыктаган документ, жашаган жеринен маалым кат, салык органдарында тастыкталган иш ордунан маалым кат алып жүрүүгө тийиш. Ишкерлерге патент менен жүрүүгө уруксат берилет.
❗️ МААНИЛҮҮ: Салык кызматтары маалым каттарды тастыктоодо салыктык же башка милдеттенмелерди төлөө боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу.
📌 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, дарыгерлерге, ИИМ кызматкерлерине, атайын кызматтарга, ӨКМ кызматтарына, ММК, шаардын тиричилигин камсыздоого ишке тартылган коммуналдык жана энергетика кызматтарына тоскоолдуксуз жылып жүрүүгө уруксат берилет (жанында күбөлүгү же иш ордунан МСКда тастыкталбаган маалым кат болушу керек).
📌 Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери ар бир кызматкер үчүн маалымкат жазып бериши жана аларды салык органына ырастатуусу керек.
📌 Иштебеген адамдар туугандарына, жакындарына, дүкөнгө жана салондорго баруу үчүн кол менен толтурулган маршруттук баракчасы болгон учурда шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.
📌 Башкаруу органдары өзгөчө кырдаал тартибине которулган иш-аракеттердин Планы бекитилген. Ыкчам штабды Бишкек шаарынын вице-мэри Алымкулов Азиз жетектейт.
📌 Бишкек шаарында 98 очок бар, Бишкекте ооруну жуктургандардын саны – 272, башка жактан келгендер – 37, медкызматкерлер – 79, ИИМ кызматкерлери – 36, жергиликтүү калк ичиндеги учурлар – 235.
📌 Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылууну суранабыз. Шаарда медиктердин жана санитардык врачтардын 40 мобилдик тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат.
📌 Жардам көрсөтүү боюнча тизмелер жер-жерлерде комиссиянын чечими боюнча МАБга түзүлөт жана райондук администрация тарабынан бекитилет. Жалпысынан 10-майга карата 93 миң азык-түлүк топтомдору же 250 миң жаранга жардам көрсөтүлдү. Түлөбаев Балбак – мэрия боюнча жооптуу. Райондор боюнча азык-түлүк коопсуздугуна тийиштүү райондук аким жооп берет.

COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *